Жалал-Абадда күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалар тапшырылды(ФОТО БАЯН)
Бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облусундагы ички иштер башкармалыгына караштуу шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы күжүрмөн күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө Франция өндүрүшүнөн чыгарылган “Рено – Логан” үлгүсүндөгү 10 жеңил автотранспорттор тапшырылды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады.
Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтындагы күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунааларды тапшырууга арналган милиция кызматкерлеринин гарнизондук салтанаттуу жыйынына Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана шаарлар менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн күзөттүк милиция кызматкерлери катышты.
- Урматтуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын күжүрмөн милиция кызматкерлери, Сиздерди КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө тапшырылып жаткан жаңы автоунааларды алып жатышыңар менен куттуктаймын. Мунун өзү Кыргыз Өкмөтү тарабынан коомдук коопсуздук менен тартипти камсыз кылуудагы милиция кызматкерлерине көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот. Жаңы автоунаалар элибиздин тынч турмушун сактоого жана коомдук тартипти бекем камсыз кылууда күзөттүк милиция кызматкерлерине өз милдеттерин тактыктуу аткарууга көмөктөшөт деп ишинемин,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү күзөттүк милиция бөлүмдөрүнө жаңы автоунаалардын ачкычтарын ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусттук улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов тапшырды.
Жалал-Абад облусундагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы күжүрмөн күзөттүк милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жаңы автоунаалардын ачкычтарын алышкан соң салтанаттуу гарнизондук жүрүштөн өтүшкөн соң күжүрмөн жооптуу кызматтык милдеттерин өтөө үчүн райондор менен шаарларга жөнөп кетишти.
“Облустук жетекчилик берилген автоунаалар кылмыштуулукту алдын алууда, жол транспорт кырсыктарына бөгөт коюуда чоң жардам берет деген ишеничтерин билгизишти. Жалал-Абад облусунндагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилип, айрыкча Ош-Бишкек унаа жолуна тилкелеш аймактар эске алынды”, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын башчысы Мыктыбек Турдубеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18