KELECHEK
rek

Макрондун партиясы шайлоодо алдыга озууда

Макрондун партиясы шайлоодо алдыга озууда

Франциядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкө президенти Эммануэл Макрондун "Алга, республика" кыймылы Улуттук ассамблеядагы 577 орундун 400үн алуу менен абсолюттук көпчүлүккө ээ болушу мүмкүн. Мындай божомолдорду жекшембиде өткөн добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгына таянып социологдор чыгарышууда.

Жалпы өлкө боюнча Макрон кыймылынын талапкерлери менен анын союздаштары добуштардын 32 пайыздан ашыгын алып, жакынкы атаандашы — оңчул «Республикачылар» партиясынан дээрлик эки эсеге озуп кетишти.

Францияда шайлоо партиялык тизме боюнча эмес, мажоритардык система боюнча өтүп жатат. «Алга, республика» кыймылынын талапкерлери 400дөн ашык округда экинчи турга өтүштү. Эксперттер алардын көбү экинчи айлампада жеңишке жетишет деп болжолдошууда. Чоңдугу жагынан экинчи орундагы фракцияны "Республикачылар" түзөт деп күтүлүүдө. Болгону 14 гана пайыз добушка ээ болгон ашкере оңчул «Улуттук фронттун» иши оңунан чыкпай калды, бирок анын лидери Марин Ле Пен округдардын биринде жеңишке жетүү мүмкүндүгүн сактап калууда. Парламенттин мурдагы чакырылышында көпчүлүктү түзгөн социалисттер андан да аз добуш алышты. Алар солчул «Багынбас Франция» кыймылы сыяктуу эле парламентке ондогон талапкерин өткөрүү мүмкүндүгүн сактап калышууда.

Шайлоонун биринчи айлампасында добуш берүү укугуна ээ жарандардын 50 гана пайызы катышты. Бул өлкө тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч болгону айтылууда. Добуш берүүнүн экинчи айлампасы 18-июнда өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12