Ош: Июнь окуясында каза болгондор эскерилди
Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуясынан каза болгондор эскерилди. Ага Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана июнь окуясында каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары, шаар тургундары келип катышты.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, митинг-реквиемде “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлуп, улуттар аралык тынчтыктын, ынтымактын символу болгон “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.
Эскерүү иш-чарасын Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ачып, 2010-жылы жеке кызыкчылыгы бар жактардын сөзүнө кирип, араздашкан эки элдин мамилеси бүгүн мурдагы калыбына келип, кийинки кадамөткөндөн сабак алып, “Көздөгөн максатыбыз менен тилегибиз бир, ал – тынчтык жана өнүгүү” деген ураандын негизинде жашап келе жаткандыгын билдирди.
Андан соң, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтты.
“Кылым кезген узун жолдо түрдүү окуялар болгону менен, ар улуттун өкүлдөрү жашаган Ош шаары ынтымак менен биримдикти туу тутуп, достуктун шаарына айланып, гүлдөп өсүп келет. Убакыт өткөн сайын каргашалуу Июнь окуясынын кесепеттери айыгып, улуттар аралык мамилелер өз нугуна түшүп калгандыгын белгилөөгө болот. Эми кыйын кезен өттү, алдыга умтулуп, мамлекеттин өнүгүп өсүүсүнө биргеликте кам көрөлү”,- деди С.Жээнбеков.
Аны менен катар бийлик өкүлдөрү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде, Ош окуясында каза болгондордун үйлөрүнө барып, куран окутушту.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13