
Сузакта Санпадагы каргашалуу окуянын 7 жылдыгы эскерилди (ФОТО)

Бүгүн, 10-июнда Сузак районунун Топурак-Бел участкасында 2010-жылдын июнь айындагы Санпа окуясын эскерүү иш-чарасы болуп, ага КР Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Өкмөт башчы өз сөзүндө июнь окуясы өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүккө доо кетире турган жагдайды жаратканын баса белгиледи.
“Бийлик өз учурунда чара көрүп токтотуп калды. Кудай берген берекелүү жерибизде улутка бөлүнбөй, ата-бабадан бери келе жаткан мурасты сактап калалы. Элибизде тынчтык орноп, ынтымак болуп, мындан ары июнь каргашасы кайталанбасын”, - деди Жээнбеков.
Ал эми "Санпа шейиттери" коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов өз сөзүндө 2010-жылдагы июнь окуясын уюштургандар жана ошол кездеги убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жазаланышы керектигин айтты. Анын айтымында, кан төгүүгө жол берип, эки элди чабыштырган сепаратисттер жоопкерчиликке тартылышы керек.
Акырында эскерүүгө келгендер 2010-жылдын июнь каргашасында шейит кеткендердин арбагына багыштап куран окушуп, алардын жакындарына көңүл айтышты. Ошол июнь окуясында уулунун дайынын ушул кезге чейин таппай келе жаткан Марсиана Мамаева өкмөт башчыга кайрылып, жабырлануучуларды өзүнчө кабыл алуусун өтүндү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41