10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамдын иши сотко өттү
Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген 33 жаштагы адамдын иши сотко өттү.
Чүй облустук ИИБсинин маалыматына караганда, шектүү ушул жылдын апрелинде 10 жаштагы кызды зордуктоо аракети маалында кармалган – зордуктоого шектелип кармалган кишини жергиликтүү тургундар өзүлөрү кармап, милиция чакырышкан.
Окуя быйыл 3-апрелде күндүз Чүй облусунун Сокулук районуна караган Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. Туура эки ай мурда тартылган бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео 4-июнда интернетте тарап, катуу талкууга түшкөндөн кийин ачыкка чыкты.
Жергиликтүү тургун Урмат Мамытбеков милиция келгенге чейин тегеректеги эл топтолуп, кармалган адамга ачуу менен кол көтөргөндөр болгонун айтты. «Дагы жакшы кыздын атасы милиция келгенден кийин келип калды. Болбосо сабап, өлтүрүп салмак. Милиция деле жарым саатка жетпей келип, кармалган адамды алып кетти», - деди ал.
Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБси Кылмыш кодексинин 28-129-беренеси боюнча (Зордуктоо аракети) кылмыш ишин козгоду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов иш 2-июнда сотко өткөрүлгөнүн билдирди. Тергөө маалында 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну мас абалда секелекти зордуктоону көздөгөнү аныкталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05