
Жалал-Абадда бойдон алдыруулардын саны сайын азайып жатат

Жалал-Абад шаарында гана эмес, жалпы облуста аялдар арасында бойдон алдыруулар саны улам барган сайын азайып баратат. Бул тууралуу облустук репрордукция борборунун жетекчиси, төрөт кызматынын координатору Айнура Давлетова билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин эл арасында жүргүзгөн аракеттери аркылуу облус аймагында бойдон алдыруулар саны азайып бара жатат.
-Мисалы, 2015-жылы облус аймагында жалпысынан 1936 бойдон алдыруу учуру катталса, 2016-жылы анын саны 1666 болгон. Анын ичинен, 16-17 жаштагы кыздар арасындагы бойдон алдыруулар саны 2015-жылы 32ни түзсө, 2016-жылы 19ду түздү. Булардын ичинен биринчи жолу бойго бүткөндөрүнүн саны 2015-жылы 23 болсо, 2016-жылы 14 болду, - дейт ал.
Алынган маалыматтарга караганда, облуста бойдон алдыруу жагынан алдыда бараткандар 20-24 жаштагылар болуп саналат. Бул курактагылар арасында бойдон алдыруулар саны 2015-жылы 548 болсо, 2016-жылы 440 болду.
А.Давлетованын айтымында, мында негизинен медиктердин жүргүзгөн түшүндүрүү иштери жана контрацептивдерди пайдалануу боюнча калк арасындагы маалымдуулук роль ойногон. Бирок, эгер эл аралык донорлор калк арасында контрацептивдерди акысыз таркатууну колдоого алышпаса, абал кыйындап кетиши ыктымал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38