KELECHEK
rek

CNN алып баруучусу Трамптын башы кесилген видеосу үчүн келишимден кол жууду

CNN алып баруучусу Трамптын башы кесилген видеосу үчүн келишимден кол жууду

Кэти Гриффин

Белгилүү америкалык куудул, юмористтик берүүнүн алып баруучусу Кэти Гриффин АКШ президенти Дональд Трамптын башы кесилген видеосу үчүн CNN телекомпаниясындагы келишиминен кол жууду.

Гриффиндин шейшембиде жарыялаган видеосун CNN телекомпаниясы “жийиркеничтүү” деп атады. Компания аны быйыл Жаңы жыл алдында Таймс-скверде өтө турган атайын оюн-зоок программасын алып барууга чакырбай турганын жарыялады. Нью-Мексико штатындагы кумаркана дагы Гриффиндин 22-июлга белгиленген иш-чарасын жокко чыгарды.

Трамп Гриффиндин видеосуна жооп иретинде Твиттерге мындай нерсе жараткандыгы үчүн ал уялуусу керектигин жазды. Биринчи айым Мелания алып баруучуну айыптаган жеке билдирүү менен чыкты. "Эне, өмүрлүк жар жана инсан үчүн бул сүрөт өтө коркунучтуу. Дүйнөдө болуп жаткан ырайымсыздыктарды карап отуруп, бул сыяктуу сүрөттү жараткан кишинин акыл-эси сообу деп ойлоого аргасыз болосуң",-деди ал.

Куудул Гриффин Трамп тууралуу видеосу күлкүлүү эмес, өтө коркунучтуу болуп калганын моюнга алып, кечирим сурады.

56 жаштагы актриса, "Эмми" сыйлыгынын лауреаты Трамптын дарегине көптөн бери кескин сындарды айтып келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...