KELECHEK
rek

Жалал-Абад тургундары Улугбек Бабакуловдун жазага тартылышын талап кылууда

Жалал-Абад тургундары Улугбек Бабакуловдун жазага тартылышын талап кылууда

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган журналистке нааразы экендиктерин билдиришүүдө. Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»”- деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү Жалал-Абадда атайын маалымат жыйынын өткөрүштү.

“Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов. “Кыргыздар өзбек улутун басмырлап, сарт дешет. Анын мааниси “сары ит” дегенди түшүндүрөт өңдүү, эки элди кайраштыра турган макаласын окуп, жинибиз келүүдө. Нечендеген жылдардан бери ынтымакта жашаган элдердин ички мамилесин, карым-катышын билбей туруп мындай чагымчылдык кылганы үчүн журналист жооп берүүсү керек. Эгерде Улугбек Бабакулов жазган макала чындыкка дал келсе элге келип далилдеп берсин”, - дейт  Махамаджан Дыйканов.

Ал эми Абдыпатта Маткалыковдун айтымында, Бабакулов жазган маалыматтар 2010-жылдагы окуяны козутушу толук ыктымал. “Эгер бийлик, прокуратура жана коопсуздук кызматы мындагы көрүнүшкө тез аранын ичинде чара көрбөсө, бул журналист кумурскадан пил жасайт. Өткөн күнгө саресеп сала турган болсок, 2010-жылдагы карагашалуу окуя дагы дал ушундай көрүнүштөн улам келип чыккан. Ошондуктан Бабакуловду мыйзам алдында жазага тартышсын дагы,  мындай көрүнүштөрдүн алдын алышсын”, - деди А. Маткалыков.

Жыйындын катышуучулары макаланын арты улуттар аралык кастыкты козутууга багытталганын айтышып, тийиштүү тараптар чара көрбөсө алар Президентке кайрылып, Ак үйдүн астына митингке  чыгышарын билдиришти. Белгилей кетсек, жарандар кайрылган бул иш боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгы облустук прокуратуранын кайрылуусуна ылайык, маалыматтагы текстте улуттук кастыкты козутуучу сөздөр бар же жок экендигин аныктоо максатында Улуттук илимдер Академиясына филологиялык текшерүүгө жиберишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13