KELECHEK
rek

Жалал-Абадда базар бааларын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат

Жалал-Абадда базар бааларын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык бийликтер базар бааларын жөнгө салуу максатында соода иштери менен алек болгон ишкерлер менен иш алып барышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү  экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Алынган маалыматка караганда, шаардагы “Береке”азык-түлүк базарында облустук монополияларга каршы күрөшүү агенттигинин базар бааларын жөнгө салуу боюнча токтомунун негизинде, Өкмөттүн облустагы регионду өнүктүрүү бөлүмү, шаар мэрияыснын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмү жана шаардык мамлекеттик салык кызматынын адистеринин катышуусунда учурдагы базар бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Бөлүм башчы С.Умаровдун айтымында, базарларда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларына болгон мониторинг өткөрүлдү. Анда негизинен картошканын учурдагы баасынын көтөрүлүшүнүн себептери сатуучу-ишкерлер менен бирге талкууланды. Бүгүнкү күндө шаардын базарларында картошканын килограммы 45-50 сомго чейин көтөрүлгөн.

- Негизи шаар мэриясы тиешелүү кызматтар менен биргеликте жыйырма күндүн ичинде тийиштүү адистердин катышуусунда элге көп керектелүүчү азык-түлүктөрдүн бааларын өсүп кетишинин себептерин карап чыгат. Азыркы күндө шаарда картошканын баасынын кескин өсүп кетиши негизги маселе болуп калды. Шаарыбыздын базарларына картошка көбүнчө Арстанбап, Ноокат, Алай тараптардан  ортомчулар аркылуу алынып келинет, - дейт С. Умаров.

Жалал-Абад облустук монополияларга каршы күрөшүү агентигинин жетектөөчү адиси Алишер Кошалиевдин айтымында, базарларда картошканын баасы үч айдан бери өсүп жатат. Картошка негизи социалдык керектүүазыктарга кирет.

-Биздин башкармалык базар бааларына андагы сатылуучу ар түрдүү товарларга жума сайын көзөмөл жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө базарларда тамак-аш, азык-түлүктөрдүн баасы жылдагыдай эле, бирок акыркы үч ай ичинде кортошканын баасы өсүп кетти. Анын негизги себеби - бул жылы жаз айы бир айга кеч келип, натыйжада картошканын быйылкы түшүмүнүн бышуу мезгили да кечеңдеди, - дейт ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38