KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: АЯРЛУУ БАЛДАР – КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

ЖАЛАЛ-АБАД: АЯРЛУУ  БАЛДАР – КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата шаардагы балдардын психоневрологиялык стационардык жатак үйүндө тарбияланып жаткан аярлуу балдардан кабар алышып, акчалай жана балуу белектерин тапшырышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Исламбек Масабиров жана бир топ жетекчилер барып катышып, балдарды майрамы менен куттукташты. Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан 20 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев жаш муундарга жаркын келечек жана чың ден-соолук каалоо менен бирге аларды тарбиялаган мугалимдерге кажыбас-кайрат каалап, шаар бийликтери алардын эмгегин баалай турганын билдирди. Ал эми КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары да балдарга ар кандай белектерди жана кийим-кечектерди тапшырып, алардын кубанычына шериктеш болду. Андан соң, шаардагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун таланттуу окуучулары даярдаган концерттик программа тартууланды.

Кошумчалай кетсек, аталган психоневралогиялык стационардык балдар үйү 1940-жылдары курулуп, колдонууга берилген. Бүгүнкү күнү бул жерде жалпы 98 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар даарыланышып, 78 кызматкер эмгектенет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38