Күбөлүксүз никеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жок
Жогорку Кеңеш расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин четке какты. Мындай чечим парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбооруна 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берди.
Документ жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого, билим алууга, саламаттыктарына кам көрүүгө жана түгөйүн өз каалоосу менен эркин тандоого багытталган. Мажбурлап нике кыйдырууга тыюу салган.
Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда аялдардын 15 пайызы 18 жашка, ал эми бир пайызы 15 жашка толо электе күйөөгө чыгат. Кыргызстан Евразия чөлкөмүндө турган 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөдө 5-орунда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53