KELECHEK
rek

“Балдар – жер шарынын жандуу гүлдөрү”

“Балдар – жер шарынын жандуу гүлдөрү”

Орус элинин улуу жазуучусу Максим Горький биздин эртеңки келечегибиз болгон балдар туурасында “Балдар – жер шарынын жандуу гүлдөрү” деген таамай  аныктамасын берген экен. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда бир катар максаттуу иш-чаралар аткарылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан 90 миң сом акча каражатын облустун аймагындагы балдар үйлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында даректүү түрдө которуп берди.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы психонервологиялык балдар үй-интернатына, Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы атайын көмөкчү мектебине, Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү “Бакыт” борборуна, Сузак районунун Октябрь айылындагы Ж. Бөкөмбаев атындагы балдар үйүнүн ар бирине 20 миң сомдон жана Жалал-Абад облусундагы “Ак жол” балдар үчүн комплекстүү реаблитациялык борборуна 10 миң сом ыйгарым укуктуу өкүлдүн өздүк фондунан которулуп берилди.

- Жалал-Абад облустук мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын бардык жетекчилери 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайсыл балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүүлөрү керек экендиги конкреттүү көрсөтүлдү. Биздин максат – балдарыбызды эл аралык күнү гана эстебестен жыл ичинде шефтик жардам көрсөтүү жагын жөнгө салуу болуп саналат. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 9013 жарым жетим, 480  толук томолой жетим балдар бар. Мындан сырткары облус аймагы боюнча 28 945 ден соолугунан мүмкүчүлүгү чектелген адамдар бар,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13