Жалал-Абадда 1000 балага балмуздактар бекер таркатылды
Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрынын адында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип, жердин жандуу гүлдөрү болгон балдарга майрамдык салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Шаар бийликтери балдарга белектерди тапшыруу менен бирге чоң программадагы концертти да тартуулашты.
Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева балдарды майрамдары менен куттуктап, аларга кең келечекти каалады. Майрамдык салтанатка келген балдарга “Ариет” чыгармачылык борборунун таланттуу уул-кыздары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Борбордук аянтта шаардын балдары үчүн спорттук жана интеллектуалдык оюндар, асфальт бетине сүрөт тартуу сынактары уюштурулду. Ошондой эле өнөрпоздор тарбиялык мааниси терең кызыктуу жомокту сахнага алып чыгышты.
Эскерте кетсек, эки күңдүк майрам убагында 500 бала эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойноп, мындан сырткары шаардагы 1000 балага акысыз балмуздак жана шириндиктер таратылды. Ошондой эле 18 жашка чейинки 416 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13