Жалал-Абадда дарыгерлер “Ден соолук” Улуттук программасын талкуулашты
Бүгүн, 24-майда Жалал-Абадда “Ден соолук” Улуттук программасын реформалоонун ишке ашырылышын талкуулаган атайын кеңешме жыйын болуп өттү.
Жыйынга КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амангелди Мурзалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигулина, улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айнагүл Жумагулова, эне менен баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев, ФОМСтун төрагасы Марат Калиев жана “СПИД” республикалык борборунун генералдык директору Улан Кадырбеков жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облусттун район-шаарларындагы аймактык ооруканалардын директорлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун директорлору жана социалдык маселелерди тейлеген акимдердин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери катышты.
Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Ден соолук” Улуттук программасынын негизги миссиясы калктын ден соолугун коргоо жаатында ар бир адамга анын социалдык абалына жана гендердик ар түрдүүлүгүнө карабастан бардык шарттарды жаратуу болуп саналат. Бул максатта калктын ден соолугун камкордукка алууда 4 приоритеттүү багыттар аныкталган. Алар жүрөк кан-тамыр оорулары, эне менен баланын ден соолугун коргоо, кургак учук жана ВИЧ-СПИД оорулары болуп саналат.
-- Калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдардын сапатын жакшыртууда жана аларга ар тараптуу ыңгайлуу шарттарды жаратууда 2012-2016-жылдары облустун аймагында республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 млн. 400 миң сомго 1 аймактык оорукана, 30 млн. сомго 1 участкалык оорукана, 14 млн. сомго кардиология бөлүмү, 11 млн. 100 миң сомго 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараттары жана 38 млн. 257 миң сомго 25 жаңы ФАПтардын имараттары курулуп, пайдаланууга берилди,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.
- “Ден соолук” Улуттук программасын ийгиликтүү турмушка ашырууда көйгөйлөр жетиштүү. Алардын негизгилери финансы булактарынын жетишсиздиги, дарыгерлердин сыртка чыгып кетүүсү. Кыргызстанда дарылоого көбүрөөк басым жасалып, калктын ден соолугун коргоодо профилактикалык иштерге жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгы жашыруун эмес. Энелердин өлүмү бизде дагы деле жогору бойдон калууда,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигулина.
Кеңешмеде саламаттыкты сактоо боюнча облустун координатору, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов баяндама жасады. Ага ылайык Жалал-Абад облусунун аймагында 203 ФАПтар, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 138 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана 373 айылдык ден соолукту коргоо комитеттери иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелерин ремонттоо жумуштарына жана заманбап медициналык жабдуулар менен аппараттардан камсыз кылууда ЮНИСЕФ уюму менен Япония Өкмөтү бир топ жардамдарын беришкен.
Кеңешме жыйында калктын ден соолугун коргоо жаатында орун алган кемчилдиктер, жаратылып жаткан ийгиликтер туурасында ачык-айрым пикирлер кеңири ортого салынды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13