Жалал-Абадда ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын курулушуна капсула салынды (ФОТО)
Бүгүн, 24-майда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын алдындагы хирургиялык ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Германия Федеративдүү Республикасынын KfW каржылоосу астында “Кыргыз Республикасынын медициналык тез жардам” II фазасына ылайык Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын медициналык ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу аземинде дарыгерлер менен медайымдарга жана шаардыктарга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев кайрылды.
- Биз бүгүн Германия мамлекетинин колдоосу менен Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында заманбап ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имаратынын курулушун баштоонун алдында турабыз. Германия мамлекетинин колдоосу менен курулуп жаткан ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын бөлүмү бүткөрүлүп калса облусубуздун калкына көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөө кызматтарынын сапаты жогорулаары анык. Быйыл май айында курулуш башталып жаткан бул оорукана 2018-жылдын март айында салтанаттуу түрдө ишке берилээри мерчемделүүдө. Германия Өкмөтүнө жана анын элине, Кыргыз Республикасындагы Германия өкүлүнүн экономикалык байланыш жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге мырзага жана Немец өнүктүрүү банкынын директору Томас Эдгар Лемани мырзага өзүмдүн атымдан жана облусубуздун жалпы калкынын атынан терең ыразчылык билдиремин. Кыргызстан менен Германия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук кызматташуу жана карым-катнаш мындан ары дагы бекем өнүгө берерине терең ишенмин,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында курулуп жаткан ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу аземинде сөз сүйлөшкөн КР Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигулина, КР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амангелди Мурзалиев, Германиянын Кыргызстандагы атайын өкүлү Касьен Онезорге, Немец өнүктүрүү банкынын директору Томас Эдгар Лемани облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлер менен медайымдар эмгек жамаатын жана Жалал-Абад шаарынын тургундарын жаңы 60 койкага эсептелген ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын курулуш иштеринин салтанаттуу башталышы менен чын дилдеринен кызуу куттукташты.
Андан соң, жаңы оорукананын пайдубалына капсула салынып, облус жетекчиси жана келген меймандар курулуштун пайдубалына цемент аралашмасын салышты. Оорукананын курулушун жүргүзүү иштерин ачык тендерди жеңип алган Бишкектин “Би. Интерьер Сервис” ЖЧКсынын куруучулары жүргүзүп жатышат. Оорукананын имаратын бүткөрүүгө 1 млн. 700 мин евро каражаты каралган. Жаңы ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн имараты сапаттуу курулуп бүткөрүлгөндөн кийин анын ичине заманбап медициналык жабдуулар менен аппаратуралар коюлат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38