KELECHEK
rek

Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси белгиленди (ФОТО)

Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси белгиленди (ФОТО)

Кечээ, 23-майда Ала-Бука районунун Орток-Бел жайытында Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Орток-Бел жайытында 50дөн ашуун кыргыздын боз үйлөрү тигилип, улуттук оюндардын 7 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун калайык-калкка окуп берди.

- Ала-Бука районунун жалпы күжүрмөн элин КР Өкмөтүнүн атынан 80 жылдык куттуу мааракеси менен куттуктаймын. Ала-Буканын Сай айылынан пайгамбар Сулайман чыккан. Айтылуу Сафед-Булон айылындагы Шах-Фазл күмбөзү ЮНЕСКОнун мурастарынын катарына киргендигине биз абдан сыймыктанабыз. Райондун аймагындагы Зеңги-Ата жана Азрети-Ата касиеттүү жерлерине биздин гана элибиз эмес коңшу мамлекеттердин элдери дагы такай сыйынып, зыярат жасап келишет. Ал эми Нурмолдо атабыздын чыгармалары жазгыч акындардын эң улууларынын катарына кирери анык. Төрөгелди Балтагулов жана Мадан Алымбеков сыяктуу улуу инсандар республикабыздын өнүгүп өсүүсүнө опол тоодой салымдарын кошкондугун баарыбыз жакшы билебиз. Азыркы мезгилде райондун тоо-кен байлыктары “Ала-Буканын алтындары” деген ат менен чет өлкөлөргө экспорттолуп жатат,- деп айтылган Өкмөт башчысынын куттуктоосунда.

 Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 80 жылдыгына байланыштуу, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы жана ак ниет эмгеги үчүн КР Премьер-министринин атынан баалуу белек – энчилүү саат менен Ала-Бука аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Абасканов, А. Жуманазаров атындагы орто мектептин директору  Гүлжамал Чолпонкулова сыйланышты. Ал эми КР Премьер-министринин алкышы менен Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Абдираим Жуманазаров, “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин башчысы Айсара Көчөрова сыйланышты.

Президенттик администрациясынын аппаратынын Жалал-Абад облусу боюнча куратору Бообек Салимжанов Президенттик администрациянын башчысы Сапар Исаковдун Ала-Бука районунун калкына жолдогон жалындуу куттуктоосун окуп берди.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун калкын 80 жылдык куттуу мааркеси менен куттуктап, элге биримдик менен ынтымакты жана жаратмандыкты каалап кетти. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун ар кыл тармактарынын бир катар алдынкыларын облустук мамлекеттик администрациянын Ардак Грамоталары менен сыйлады.

 Ала-Бука районунун күжүрмөн калкын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Азизбек Турсунбаев менен Искак Пирматов куттуктады.

Ошондой эле, майрамдык мааракеге келген элге өнөрпоздор тарабынан кеңири программадагы оюн-зооктор тартууланды.

Азыркы мезгилде  Ала-Бука району 8 айылдык аймактан турат жана 100 миңден ашуун калк ынтымактуу ырашкерликте  жашап жатышат.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41