Жалал-Абад шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо жаңырды
Жалал-Абад шаарындагы Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында 11-класстардын бүтүрүү салтанаты болуп, ага мектеп окуучулары, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Мектеп-гимназиянын директору Алтынай Тургунбаева айтымында, бул жылы мектепти жалпысынан 134 окуучу 9-классты, ал эми 74 окуучу11-классты аяктап жатат.
Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри Тайырбек Чойбеков мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, жыл башынан тарта мамлекеттик олимпиадаларда ийгиликтерге жеткен бүтүрүүчүлөрүнө жана ата-энелерине Ардак баракчаларын тапшырды.
- Бүтүрүүчүлөрдү алдыда келе жаткан мамлекеттик экзамендерин ийгиликтүү аяктап, буга чейин тапшырган мамлекеттик тестирлөөлөрдө тандаган багытыңар боюнча билим алып, Мекенибизди өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты жаштардан болушуңарга тилектешмин деди,-Т.Чойбеков.
Бүтүрүү салтанатынын жүрүшү окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программалар менен коштолду.
Быйылкы жылы жалпысынан шаар боюнча 20 мектептен 773 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30