Атамбаев Орусияда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи
Питердеги терактка шектелип жаткан жаранды тескери жакка Орусиядагы ксенофобдор менен скинхеддер түрткөн болушу ыктымал. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин Жеңиш аянтында өткөн митинг-реквиемде сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Мамлекет башчы Улуу Жеңишке жетишүүгө кыргызстандыктардын да салымы чоң болгонун, согуш жылдары Орусия, Беларус, Украинадан эвакуацияланган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда камкордукка алынганын, бирок соңку жылдары Орусияда ксенофобияны, эки өлкө жана эл ортосунда кастыкты жайылткандар көп болуп жатканын белгиледи:
- Санкт-Петербургда жакында террорист, албетте, ага актоо жок, метронун вагонун жардырып, ондонгон жай тургундарды өлтүрүп жабыркаткан трагедиядан кийин айрым орусиялык саясатчылар менен ММКлар Кыргызстандан барган мигранттарга каршы албууттанууну жаратты. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты "Россия-1" мамлекеттик телеканалынын эфири аркылуу Кыргызстандан барган мигранттарга карата катуу чара көрүүгө чакырды... Эгерде Питердеги терактка негизги шектүү Кыргызстандын Ош шаарынан чыккан өзбек болсо, буга бардык өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Ал атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болгон, Орусияда 16 жашынан бери жашап келген! Балким, дал ушул ксенофобия менен скинхеддер анын тескери ишке баруусуна түрткү болгондур. Улуу Орусиянын кубаты анда жашаган бардык элдер менен улуттардын биримдигинде болуп келген жана болууда. Бул үчүн биринчи кезекте расизм, шовинизм менен ксенофобиянын бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү керек. Мында орусиялык саясатчылар менен журналисттер Орусия президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путинден үйрөнүшү зарыл.
Апрелдин башында Санкт-Петербургда 16 кишинин өмүрүн алган жардыруудан соң Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. Айрыкча кыргыз паспортун көтөрүп жүргөндөргө көзөмөл күчөгөнүн кыргыз мигранттары өздөрү социалдык сайттарга жазууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









