KELECHEK
rek

ЖАМУнун профессору Камил Ашимов шаардагы үйүндө күнөскана куруп, жаңгак көчөттөрүн өстүрүүдө

ЖАМУнун профессору Камил Ашимов шаардагы үйүндө күнөскана куруп, жаңгак көчөттөрүн өстүрүүдө

ЖАМУнун окутуучусу, профессор, биология илимдеринин доктору Камиль Ашимов Жалал-Абад шаарындагы Спутник шаардык аймактык башкармалыгына караштуу З.Жамашев атындагы көчөсүндөгү өзүнүн үйүнө күнөскана куруп, мыкты сорттогу жаш жаңгак көчөттөрүнүн ондогон формаларын аярлап өстүрүүдө. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Бою бир карыштан эми гана көтөрүлгөн айрым жаңгак көчөттөрү жангак мөмөсүн түйө баштады. Азыркы мезгилде окумуштуунун күнөсканасында 500 даана жаңгак көчөттөрүнүн  17 формалары  өстүрүлүп жатат

“Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы” (МАНЭЛиЛ) 2015-жылдын февраль айында  өз алдынча, же тагыраак айтканда мамлекеттик мекеме-ишканаларга альтернатива катарында уюшулган. Учурда Академиянын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө 40тан ашуун мүчөлөрү бар. Анын курамына 6 академиктер жана 8 мүчө-корреспонденттер шайланышкан. МАНЭЛиЛдин президенти, академик, биология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун окутуучусу  Камиль Ашимов болуп саналат.

“Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы” тарабынан 2017-жылы биология илимдеринин доктору, профессор Камиль Ашимов тарабынан жаңгак, мөмө-жемиш токоюунда жана айыл-кыштактардагы жеке менчик үй алдында өскөн жаңгактардын формалары тандалып алынып, жаңы усул ыкмасы менен улаштырылды. Бул усул чет мамлекеттерде, өзгөчө Европада, көбүнчө Италияда кеңири тараган. Кыргыз улуттук академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаңгакчылык жана мөмө өсүмдүктөр институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Советбек Кенжебаев атайын Италияга барып, улоо усулун үйрөнүп келген.

Негизинен кыйыштыруу, стимуляцияга коюу жумуштары жана аны көзөмөлгө алуу иштери  Өмүрбек Кожошевге жүктөлгөн.

- Бул усулдун негизи жаңгак дарагынын эң жогорку түшүм берүүчү, мөмөсү чоң жана эрте түшүмгө кирүүчү, каңырты формаларын улоо жолу менен келечектүү (перспективный) көчөттөрдү алуу болуп саналат. Өзүңөргө жакшы белгилүү болгондой жаңгакты улоо башка дарак өсүмдүктөрүнө караганда бир кыйла татаалыраак. Ошондуктан биз жаңгак көчөттөрүн кыш мезгилинде (февраль айында) улап, аны атайын жабдыктарда жылуулап, улама жакшы тутуп кармап калышы үчүн өбөлгө (стимуляция) жараттык.  Эрте жазда уланган көчөттөрдүн кыюу үстүндө (уланган ноодасына) жайланышкан бүчүрлөрү ойгонуп, же жалбырак чыгарганда көчөт жылуу жерге – күнөсканага олтургузулат. Кийинчерээк кеч күздө, же эрте жазда атайын көчөт өстүрүлүүчү жайларга кайрадан олтургузулат, же болбосо сатыкка чыгарса болот. Бул ыкма менен алынган көчөттөрдөн 80%  чейин эң жогорку формадагы көчөттөрдү алабыз жана 100% кепилдик беребиз,- дейт биология илимдеринин доктору, профессор Камиль Ашимов.

Профессор Камиль Ашимовго күнөсканада өстүрүлүп жаткан жаш жаңгак көчөттөрүнүн формаларын аярлап асырап кароодо өмүрлүк жубайы Гүлнара Токторбаева жакындан жардам берип, кол кабышын аябайт.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13