KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды (ФОТО)

Бүгүн, 9-Майда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Майрамдык салтанатуу иш-чаранын алдында Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнөн Красина көчөсү менен жүздөгөн шаардыктар “Өлбөс полк” аттуу жүрүш жасашып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, “Жеңиш” багына агылып келишти. Ал эми жүздөгөн спортсмендер Советтер Союзунун Баатыры Тукукбай Тайгараевдин эстелигинен  “Жеңиш” багына чейин жөө чуркап келишти.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына “Өчпөс ысымдар” аталышындагы театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамдык салтанатынын катышуучулары Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” багындагы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган мекендештерибизге арналып тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту. Андан соң майрамдык салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын аскер башчысы, капитан Мирлан Кадыралиев алып барды жана алгачкы куттуктоо сөзүн КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берди

 - Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы биз үчүн унутулгус ыйык майрам болуп саналат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Ошол кандуу 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын  калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Көп улуттуу элибиз согуш жылдары “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында эки эселенген күч-кайрат жана Жеңишке болгон бекем ишеним менен эмгектенишкен. Биздин ата-бабаларыбыздын ынтымагы менен биримдиги, октон жалтанбай ажалга тике карап, өлүмдөн кайра тартбагандыктары Улуу Жеңишти камсыз кылды десек туура болот. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери Мекенибизди чындап кадырлап сүйүшөөрүн кан-жаны, бүтүндөй өмүрү жана ак эмгектери менен далилдешти.

Улуу Ата Мекендик согушта Жалал-Абад облусунан 7 адам Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. Биз бүгүн терең сыймыктануу менен жердештерибиз Тукубай Тайгараевдин, Розы Азимовдун, Евдоким Мазковдун жана Михаил Бабкиндин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн улуу эрдиктери жана  жаркын элестери элибиздин эсинде түбөлүккө унутулбай сакталат.

Ошол каардуу согушта Жалал-Абад облусунан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын ичинен 18 миңден ашуун мекендештерибиз Ата-Журтуна кайтпай калышкан. Учурда облусубуздун аймагында 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 116 ооруктун катышуучулары жана апаат согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 520 жесир энелерибиз жашап жатышат.

Сиздердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды кайра куруудагы  өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.

Экинчи дүйнөлүк согуштан жер жүзүндө 50 миллионго  жакын көптөгөн улуттардын өкүлдөрүнүн өмүрлөрү бейкүнөө кыйылган. Адамзаттын тарыхындагы бул оор трагедияны эч качан унутууга  болбойт. Улуу Жеңишти колго киргизген ата-бабаларыбыздын урпактары өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана  улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз керек. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин  жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышын зарыл деп санаймын.

Сиздердин улуу эрдигиңиздерге биз ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым  биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, ар дайым мекенибизде балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 72 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл кыянбек Сатыбалдиев.

Улуу Жеңиштин даңктуу 72 жылдык майрамы менен Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторду Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сафин Гаффан, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Николай Кондуров, КР Жогорку Кеңшинин депутаты Айнура Осмонова,  облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев жана облустук Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Мамазакир Мамадияров куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калгандардын жаркын элестерине арнап Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров куран түшүрдү. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы облустун бардык район-шаарларында жогорку деңгээлде салтанаттуу майрамдалды.

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13