KELECHEK
rek

Ош: Мэрдин кубогун Ош шаарынын командасы утту (ФОТО)

Ош: Мэрдин кубогун Ош шаарынын командасы утту (ФОТО)

Кечээ, 3-май күнү Ош шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча клубдар аралык кыз-келиндер арасында Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдештин финалдык оюндары болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында, 1-орунду Ош шаарынын “Алай-Датка” командасы жеңип алды. Ал эми 2-орунду Бишкек шаарынын “Салам-Алик” командасы ээлесе, 3-орунду Бишкектин “Дордой-Намыс”, 4-орунду “Улар” командасы багындырды.

Оюндардын жүрүшүнө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев күбө болуп, жеңүүчүлөргө дипломдорду, кубокторду, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары бир нече номинациялар боюнча да дипломдор, баалуу белектер ыйгарылды.

Ошондой эле, шаар башчысы аталган мелдеш салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлөрүн белгилеп, ушул жылдын күз айларында эркектер арасында мэрдин кубогуна арналган мелдешти өткөрүү планы бар экенин кошумчалады.

Айта кетсек, аталган мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан, бардык облустардан 11 команда катышып, 2-3-май күндөрү өттү.

  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20