Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагелерине колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы өтүп жатат (ФОТО)
Жалал-Абад шаарында 25-апрелден бери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына, курман болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун каармандарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын билдиришинче, шаар мэриясы 25-апрель-25-май аралыгын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү акцияларын өткөрүүнүн бир айлыгы деп жарыялаган.
- Бул боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыгып, ар бир мекеме-ишканага, коомдук бирикмелерге, окуу жайларына согуш ардагерлерин, жоокерлердин жесирлерин, ооруктун каармандарын социалдык-маданий жактан колдоого алуу боюнча сунуштар берилген. Мындай кайрымдуулук акциялар азыр өтүп жатат.Айрыкча биз жаш муундар менен ардагерлердин өз ара карым-катнашына, жаш муундардын аталар эрдиги боюнча кененирээк билишине умтулуп жатабыз. Бул багытта шаардагы бардык мектептерде иш-чаралар өткөрүлүүдө, - дейт ал.
Эскерте кетсек, өз мезгилинде Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта шаарда 11 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13