2018-жылдан тартып айрым жолдорго акы алынышы мүмкүн
Транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында ушундай сунуш киргизүүдө.
Министрликтин өкүлү Нурлан Каимбаевдин айтымында, акы алынуучу жолдор 2018-жылы 26 чакырым, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жетет. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган.
- Жолдорго акы алуунун эки жолу каралууда. Биринчиси - жалпы пайдалануудагы жолдорду өткөрөт. Экинчиси, жаңы жол курулат. Ведомстволор аралык комиссия анын тарифин бекитип, баа саясатын аныктайт. Транспорт каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат, жаңы түрү чыгып жолго көбүрөөк күч келип жатат. Ага ылайык бюджеттен бөлүнгөн акчаны көбөйтүш керек, ага мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан каржылоонун альтернативдүү жолдорун издеп жатабыз. Эгер айрым аймактардагы жолдорго акы төлөнсө андан түшкөн каражаттардын эсебинен башка жакты ремонттойбуз.
Акы төлөнчү жолдорго Куакы – Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү жаңы салынчу альтернативдүү жолу кирет.
Азыр бир дагы жолго акы алынбайт. Болгону айдоочулар Бишкек-Ош жолундагы тоннел үчүн төлөйт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38