ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫН УБАКТЫЛУУ ТАШТАП, ДЕПУТАТТЫККА АТТАНДЫ
Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов кечээ кызматтан убактылуу кетүү тууралуу арызын жазып, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышмак болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу С. Авазов кечээ мэриянын аппаратынын кызматкерлери жана шаардагы муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, өзүнүн ээлеп турган кызматын тапшыруу жана шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышуу чечимин кабыл алгандыгы тууралуу билдирди.
Ал акыркы эки жыл ичинде шаарда инфраструктуралык жактан ири өзгөрүүлөр болгондугун, жетишкен ийгиликтерде шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жамааттарынын салымы зор болгонун белгилеп, мындан ары да шаардын өнүгүшү үчүн алардын аракеттерине ийгилик каалады. Шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери С. Авазовдун шаарга сиңирген эмгегин жогору баалоо менен ага мындан аркы ийгиликтерди каалашты.
Эскерте кетсек, С. Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2014-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келди. Анын жетекчилиги менен шаар инфраструктуралык жактан өзгөрүп, курулуш иштеринин көлөмү мурдагы жылдарга караганда 4-5 эсе көбөйгөн. Анын аракети менен шаарды 2016-2026-жылдары өнүктүрүүнүн инвестициялык үлкөн программасы иштелип чыккан жана ал ишке ашырылып жатат.
Ал эми биринчи вице-мэр Турдалы Темирбаев мэрдин милдетин аткаруучу катары шаарды башкара турган болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |