Жалал-Абад шаарында "Китеп кербени" өтүүдө
Бүгүн, 26-майда Жалал-Абад шаарында “Тарых жана Маданият” жылына, Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы мамилелердин 25 жылдыгына, 27-май - Китепкана күнүнө жана облустук китепкананын 90 жылдыгына карата “Китеп кербени” аттуу акция өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад областтык китепканасынын жетекчиси Сейилкан Аталиева билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасы жана Америка ордосу тарабынан, АКШ нын Кыргызстандагы элчилигинин, “Кыргыз-китеп” мамлекеттик ишканасынын, USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорлорунун демөөрчүлүк колдоосу менен өткөрүлүүдө.
- Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чарага жети облусубуздан коноктор келип катышууда. Ошондой эле, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасынын директору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана башка коноктор келишти. Мында бир эле китеп көргөзмөсү эмес, ар тараптан даярдыктар көрүлдү. Мисалы, “Англис тилинде сүйлөйбүз”, “Баракелде” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы конкурс, “Менин келечегим” жаш сүрөтчүлөр арасында, “Мыкты акын”, “Мыкты жазуучу” жана башка конкурстар өткөрүлөт. “Китеп кербени” бүгүн түнкү саат он бир жарымда жыйынтыкталат,- дейт С. Аталиева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29