KELECHEK
rek

Өзгөндө көчкү алдында калган үч кыздын сөөгү табылды

Өзгөндө көчкү алдында калган үч кыздын сөөгү табылды

Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү басып калган эки кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алар айыл тургуну Абдисалам Ризабаевдин он эки жана эки жаштагы кыздарынын сөөктөрү экени аныкталды.

Буга улай үчүнчү адам - 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын сөөгү табылганы дагы кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анын денеси 30-март күнү саат 17:40та топурак астынан чыгарылды

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон.

Кечээ эртең менен кыламык кар жаап, жер баткак жана суу болгонуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бирок көчкү түшкөн жердин жогору жагына суу топтолуп калып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан, куткаруучулар суунун нугун буруу үчүн көчкү жүргөн жерден арык кылып казуу иштерин жүргүзүп жаткан. Сөөктөр ошол учурда табылган. Учурда издөө иштери толук жанданып, ага 275 адам катышууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...