ЖАЛАЛ-АБАДДА КИТЕП АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
Жалал-Абад маданият техникумунун «Китепкана таануу жана иш жүргүзүү» бөлүмүнүн студенттери тарабынан китеп баркын көтөрүү, китеп сүйүүчүлөрүн көбөйтүү максатында «Ачык маанай» акциясыуюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын библиография таануу сабагынын мугалими Чолпон Жаркулова билдирди.
- Аталган акцияны шаар тургундары туура кабыл алышты. Анткени акыркы жылдары жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусу жоголуп баратканы байкалууда. Негизи китеп элдин маданиятын, адеп ахлагын жогорулатат. Ошол себептен китеп окуунун келечекте канчалык денгээлде пайдалуу экендигин жеткирүү максатында ушул коомдук акцияны уюштурдук, -дейт ал.
“Китепкана жана иш жүргүзүү” бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Түнчүрөк Уланбекованын айтымында, акциянын алкагында элге атайын жаңы китептердин тизмеси жазылган буклеттер менен кошо шириндиктер таркатылды. Негизи жаңы жарык көргөн китептердин жакшы таасилери бар экенин белгилешти. Буклетте Мурза Капаровдун «Тандалмалар», Гулзат Жусупахунованын «Асыл жерим тумарым», Насыпбек Асанбаевдин «Дудук чал» аттуу кызыктуу чыгармалары бар экенин кошумчаланды.
- Ал эми шаар тургундары мындай китеп окуу акциясына кызыгуу менен ал китептерди кайсыл жерден алууга болорун сурашып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти, - дейт ал.
Белгилей кетсек, техникумдун аталган бөлүмүндө китепкана ишмердүүлүгү менен китепти жайылтуунун формаларын үйрөтөт. Ошондой эле, иш кагаздардын туура жүргүзүлүүсү жана архив иштерин окутат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30