KELECHEK
rek

Жыл аягына чейин биометрикалык паспорттор бекер берилет

Жыл аягына чейин биометрикалык паспорттор бекер берилет

Кыргызстанда 1-майдан тарта электрондук паспорт бериле баштайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн жолугушууда айтылды.

Анда белгиленгендей, электрондук биометрикалык паспорт Борбор Азияда алгачкы жолу киргизилип жатат жана ал Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун талаптарына жооп берет.

Президент Алмазбек Атамбаев электрондук паспортко өтүү Кыргызстанда ачыктыкты камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү, таза шайлоо өткөрүү жана коопсуздук сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун белгилешинче, жаңы паспорт менен жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар аркылуу тейленүүсү кыйла жеңилдейт жана сапат жогорулайт. 31-декабрга чейин бекер бериле турган паспортторду алуу мөөнөтү эки эсе кыскарып, 14 күндү түзөт.

Жаңы паспортто жарандын үй-бүлөсү, дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери тууралуу жана башка 19 маалымат камтылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53