Москвада кыргызстандык мигранттардан акча талап кылган топ кармалды
Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө алардын батиринен курал-жарактар дагы табылганы айтылат.
Москвада иштеген кыргызстандык Айбек уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркагандардын бири. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан:
- Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Үй-бүлөм үчүн корктум. Эми өз укугумду коргоп, иштин аягына чейин барам.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, жабырлануучунун арызы боюнча дароо ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн:
- Арыздын негизинде опузалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 19-апрелде Москванын полиция кызматкерлери менен ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 1991-1994-жылдары туулган үч кыргызстандык жаран камакка алынган. Кармалгандардын батирин тинтүүдө 29 патрону менен "Калашников" автоматы жана октору менен тапанча чыкты. Ошондой эле бронежилет, бет чүмбөт жана башка буюмдар табылган. Биздеги маалыматтар боюнча кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Алар мекендештерин карактап, опузалап жүрүшкөн. Жабыр тарткандар болсо, бизге кайрылса болот.
Камакка алынгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин 163-беренеси (опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштери Москванын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн. Кармалгандардын экөөнүн мурун соттолгондугу аныкталган.
Бул кылмыштуу топтон жабыркаган адамдын айтымында, алар өздөрүн Орусияда “Коля Киргиз” деген лакап ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү экендигин айтышкан.
Орусияда расмий түрдө 600 миңге чукул кыргызстандык иштесе, алардын дээрлик жарымы Москва шаары менен Москва облусунда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









