ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АЙМАГЫ СУУ КАПТООДОН САКТАЛДЫ (ФОТО)
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын адистеринин чогуу аракеттери менен шаарга караштуу Тайгараев аймактык башкаруусунун бир катар аймактары суу ташкындарынан сакталып калды. Бул тууралу Жалал-Абад шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Жунусов билдирди.
Анын айтымында, 18-19-20-апрелдеги жааган жаандан улам чогулган суу ташкындары Көк-Арт дарыясынын Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кыргызстан айылына жакын 150 метрдей жээктерин жеп кеткен жана айылды суу каптоо коркунучу туулган. Суу ташкындарынын алдын алуу максатында шаар мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери чукул чараларды көрүшкөн.
-Өзгөчө кырдалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн шашылыш билдирүүсүн негизинде Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жыйналып, жээктерди бекемдөө иштерине өз учурунда материалдык жана техникалык жардам көрсөтө алдык. Буга шаардык мекеме-ишканалар да активдүү катышышты, - дейт ал.
Алынган маалыматтарга караганда, Көк-Арт дарыясынын шаардагы “Көк-Арт” кичи районунун Сузак району менен чектеш жайгашкан аймагындагы 150-200 метр жээктерин да суу ташкындары жэп кеткен эле. Ал жерде да жээктерди бкемдөө, суу каптоолордун алдые алуу иштери жүргөн. Азыркы учурда шаар аймагын суу каптоо коркунучу жок.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13