Арстанбапта жер көчкүдөн каза болгондор жерге берилди
23-апрелде Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Янги Хаят участкасында капилеттен жүргөн 300 куб метр жер көчкүнүн кесепетинен улам каза болушкан Арстанбап айылынын тургундары, 1992-жылы туулган Диярбек Умаров менен 1985-жылы туулган Абдукадыр Юлдашев каза болушкан. Бүгүн, 24-апрелде каза болгондордун тажиясы окулуп, сөөктөрү жерге берилди. Табигый кырсыктан каза болгон тургундардын жакындарына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өздүк фондунан эки үй-бүлөгө 50 миң сомдон акчалай жардамын тапшырышты.
Жер көчкү кече, 23-апрелде саат 17-15терде түшкөн. Янги Хаят участкасынын 8 жашоочусу узундугу 100 метрди түзгөн жерге суу түтүктөрүн орнотуп жатышканда күтүүсүздөн табигый кырсык жүз берген. Алардын төртөөсү жер көчкүдөн качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жер көчкү басып калган төрт адамды окуя жүз берери менен жардамга барышкан жергиликтүү жашоочулар куткарып калышкан. Ал эми эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми эки адам көчкүнүн алдында калып, каза болушкан. Учурда ооруканада жатышкан, 1993-жылы туулган Машрап уулу Жумали жана 1962-жылы туулган Кадиржан Умаровдун абалдары дарыгерлерлердин айтуусу боюнча бир топ дурус. Табигый кырсыктан каза болгон Диярбек Умаровдун артында бир баласы жана кош бойлуу жубайы, ал эми Абдукадыр Юлдашевдин артында 2 баласы калды.
Жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган Арстанбап айыл аймагынын Янги Хаят участкасындагы 7 үй-бүлө жакын туугандарыныкына көчүрүлдү. Азыркы мезгилде Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 21 миңден ашуун калк жашайт. Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов белгилегендей, учурда райондун аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган 56 кооптуу участкалар аныкталган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адистери Янги Хаят участкасында көчкү жүрүү коркунучу бар экендигин жергиликтүү тургундарга буга чейин катуу эскертип келишкен. Базар-Коргон районунун жер көчкү жүрүү кооптуу коркунучу бар Могол, Талды-Булак жана Арстанбап айыл аймактарынын калкын коопсуз жайларга көчүрүү боюнча учурда Живпром участкасында жер аянттарын трансформациялоо иштери жүрүп жатат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13