Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү
Кардын эриши жана дарыялардагы суунун киришинен улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун деңгээли азайтылып жатат.
Маалыматтарга караганда, суу республикалык жана жергиликтүү маанидеги 120 унаа жолду жууп кетти. Бүгүнкү күнгө карата андагы багыттардын жарымын гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.
Баарынан да Акмоло облусундагы Атбасар шаарында абал оор экени кабарланууда. Анда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 үйдү жана жакында эле оңдоодон өткөн мектепти суу каптаган. Дагы 130 үйгө суу келүү коркунучу бар. Буга байланыштуу шаардан 1300 киши эвакуацияланды.
Ташкын суу Астананын чек жактарына да жакын келгени айтылууда. Борборду суудан сактоо үчүн Астана суу сактагычындагы суу агызылып, ал шаардын тегерегиндеги айылдарга каптап жатат. Андан сырткары сел суунун деңгээлин теңдеп, агымдарын бөлүштүрүп турган борбордук контррегулятордун ишине да коркунуч жаратууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56









