«Холи» иши: бир тартип сакчысы иштен бошотулуп, үчөө сөгүш алды
Тажикстанда ИИМдин бир кызматкери Индиянын “Холи” боёктор майрамынын катышуучуларына ырайымсыз мамиле кылгандыгы үчүн иштен бошотулду. Дагы үч тартип сакчысына сөгүш жарыяланды.
25-майда ИИМдин расмий сайтында маалымдалгандай, аталган майрам аяктагандан кийин чачтарын, кийимин жана бети-башын боёп алган 40-50дөй адам коомдук тартипти одоно бузушкан.
«Мындай жүрүм-турум Дүйшөмбү шаарынын жашоочуларын кабатыр кылган. Көптөгөн адамдардын кайрылуусу менен 48 шектүү адам, анын ичинде 31 жашы жете элек жана 17 жаш адам Сомон и райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулуп, ата-энелери менен сүйлөшкөндөн кийин өспүрүмдөр менен жаштар кое берилген.
«Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде чара көрүшкөн. Болбосо бул баш-аламандыкка алып келиши ыктымал болчу”, - деп белгиленет сайтта.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө таратылган аудиотасмада милиция кызматкерлери кармалган кыздарга орой мамиле жасаган учуру жазылган.
«Холи» - Индиянын улуттук-диний майрамы. Тажикстан жаштары аны төрт жылдан бери белгилеп келе жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13