Атамбаев Арстанбапта жакынын жоготкондорго көңүл айтты
Президент Алмазбек Атамбаев Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындан тышкары Атамбаев өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарды дарылоо жана сакайтуу жагын өзгөчө көзөмөлүнө алууну тапшырды.
23-апрелдин кечинде Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында болжол менен 300 куб метр көчкү жүргөн. КР ӨКМги маалымдагандай, Жаңы-Хаят конушунда 8 адам таза суу түтүктөрүн оңдоп жүргөн, алардын 4нү жер көчкү басып калган. Көчкү алдында калгандардын бирөө кырсык болгон жерден, дагы бирөө ооруканага жетпей көз жумган.
Каза болгондор: 2 баланын атасы, 32 жаштагы Абдыкадыр Жолдошев жана 2 баланын атасы, 27 жаштагы Диер Кадыров.
24 жана 55 жаштагы эки тургун азыр ооруканада, бирөөнүн абалы оорураак.
Соңку маалымат боюнча, бүгүн каза болгондордун тажыясына Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов катышты, анда жакындарынан айрылган ар бир үй-бүлөгө президенттин фондунан 50 миң сомдон жардам тапшырылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18