Жалал-Абадда I-кварталдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегиянын жыйыны өттү
Кечээ, 21-апрелде КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө 2017-жылдын I- кварталынын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Облустук коллегиянын олтурум жыйынына райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары жана облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. Коллегиянын жыйынын КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды.
Коллегиянын олтурумунун башында жыйындын катышуучуларына облустук коллегиянын жаңы мүчөлөрү тааныштырылды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын подполковниги Акылбек Мамасейитов, Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердүүлүк университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору Абдилбайет Мамасыдыков жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын алдындагы Жаштар кеңешинин төргасы Асылбек Шералиев облустук коллегиянын мүчөлөрү болуп шайланышты.
Облустук коллегиянын олтурумунун жыйынында “2017-жылдын I- кварталынын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттер жөнүндө” ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков баяндама жасады. Жасалган докладда маалым болгондой, быйылкы жылдын I-кварталында облус боюнча 5 млрд. 400,1 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 139,7 пайызды, жалпы республиканын көлөмүндөгү облустун үлүшү 10,4 пайызды түздү. Жалал-Абад шаарында өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индексинин төмөндөшү нефтини кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасында өндүрүлгөн мазут сатылбай калгандыктан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дизелдик күйүүчү майы 2945 тоннага, мазут 5099 тоннага аз өндүрүлгөн. Майлуу-Суу шаарындагы “Майлуу-Суу электролампа” заводунун продукциясынын Россия менен Украина өлкөлөрүнө экспорттоонун кыскарышына байланыштуу физикалык көлөмдүн индекси 69,1 пайызга аткарылып, 12,8 млн. даана электр лампалары аз өндүрүлгөн.
Мындан сырткары Базар-Коргон районунда кайра иштетүү тармагында пахта буласы 105 тоннага, бут кийим чыгаруу 111,4 миң жупка аз чыгарылган. Пайдаланылган электр энергиясы үчүн жалпы дебитордук карыз облуста 217,9 млн. сомду түздү. Мунун ичинен мекем-уюмдардын жана ишканалардын карызы 105,1 млн. сомду, калктын карызы 112,8 млн. сомду түзүп, жыл башына салыштырмалуу жалпы дебитордук карыз 25,3%, калктын карызы 5,3% өскөн.
2017-жылдын январь-март айларында облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жалпысынан 878,6 млн. сомго аткарылып, анын ичинен салыктардан жалпысынан 832,3 млн. сом, бажы төлөмдөрүнөн 46,3 млн. сом жыйналган. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында салык төлөмдөрүнүн план-божомолу 109,6%, бажы төлөмдөрүнүн планы 105,8% аткарылган. Салык төлөмдөрүнүн ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 537,0 млн. сом жыйналып, план 111,1% аткарылган. Ал эми жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардан 295,2 млн. сом жыйналып, план 107,1% аткарылган. Республикалык бюджеттин план тапшырмалары Токтогул районунда 96,8%, Аксы районунда 91,0%, Жалал-Абад шаарында 89,0% жана Майлуу-Суу шаарында болгону 91,6% түзүп, мерчемделген план аткарылбай калган.
- Облустун аймагындагы жер көчкүлөр менен селдердин алдын алууда жергиликтүү бийликтер менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облусттук башкармалыгынын адистери тыгыз биргеликте иш алып барышкандыгын баса белгилеп кетким келет. Азыр дагы табигый кырсыктардын алдын алуудагы иш-аракеттерди түк басаңдатууга болбойт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы жергиликтүү бийликтин жетекчилери тарабынан суралган керект техникалар менен күйүүчү майлар, дамбаларды бекемдөө боюнча материалдар жетиштүү камсыздандырылып жатат,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
2016-жылы облус боюнча 13040 га. айыл чарба багытындагы айдоо аянттары иштетилбей калган. Аксы районунда малдарды идентификациялоодо 365 бирка жараксыз болур калган. Коллегия олтурумунун жыйынында Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов, Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов республикалык бюджетти аткаруудагы кемчилдиктер, пайдаланылбай калган айдоо аянттарын кыскартуу, өндүрүлбөй жаткан салык төлөмдөрүн өндүрүү боюнча, “Жалалабатэлектро” ААКнын директорунун орун басары Азамат Паизовдон электр энерегиясынын лимиттерин тактоо жана электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды өндүрүү жаатындагы маалыматтары угулду.
Коллегиянын жыйынында Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Расулов “Майлуу-Суу электр лампалар” заводунун негизги керектөөчүлөрү болушкан Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербейжан өлкөлөрү тарабынан электр лампаларын сатып алуу убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу учурда заводдун кампасында 26 млн. даана даяр электр лампочкалары сакталып тургандыгын тынчсыздануу менен айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев заводдо модернизациялоо иштери жүргүзүлүүсү керектигин, электр энергиясын аз керектөөчү заманбап светодиоттук электр лампочкаларын чыгаруу мезгил талабы экендигин белгиледи.
Коллегиянын жыйынынын токтомунун долбооруна ылайык 2017-жылдын I-кварталынын жыйынтыгы менен Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматовго сөгүш жана Аксы районунун акими Масалбек Мырзамымтовго эскертүү берилди.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38