Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда туризмди өнүктүрөт
Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик багыттарды өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барат. Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы өткөн аптада Ташкентте өткөн туристтик “Эс алуу дүйнөсү” аттуу көргөзмөгө катышып, бул боюнча макулдашууга жетишти.
Ташкентке туристтик индустриянын 20дан ашуун өкүлдөрү барган. Расмий жолугушууларда өзбек тарапты Өзбекстандын туризмди өнтүрүү комитетинин төрагасы Анвар Шарапов жетектеди.
Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар туризм тармагындагы кызматташуу, анын ичинде Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик кооз жерлерди таанытуу боюнча биргеликте атайын турпакет түзүү маселелерин талкуулашты.
Көргөзмөнүн жыйынтыгында кыргыз тарап өзбек делегациясын эл аралык "Issyk-Kul ITF 2017" туристтик көргөзмө-жарманкесине чакырды. Иш-чара "Салам, Ысык-Көл - 2017" фестивалынын алкагында өтөт.
Кыргызстан ТИМнин маалыматы боюнча көргөзмөнүн жүрүшүндө тараптар 2 миллион долларлык 200дөй келишимге кол коюшту.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13