Трамп АКШ-Орусия алакасы жакшырат деген ишенимин билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп алдыда Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы алака-катыш жакшырат деген ишенимин билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына "АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле жакшы болот!" деп жазды.
Шаршембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен бирге Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында Трамп Батыш менен Орусиянын мамилесинин жакшы жакка өзгөрүшүн каалай турганын билдирген.
"Эгер биз жакында эле талкуулагандай, НАТО жана биздин өлкө Орусия менен ынтымакташа алса жакшы болор эле. Азыр биз Орусия менен таптакыр келише албай жатабыз. Балким учурда биздин мамилебиз эң төмөнкү чекитте тургандыр, бирок биз окуялардын кандай өнүгөрүн байкайбыз. Путин – Орусиянын лидери. Орусия – күчтүү өлкө. Биз абдан күчтүү өлкөбүз. Кандай болорун көрөбүз", – деген анда Трамп.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









