
БШК менчик каналда үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү

Кыргызстанда менчик телерадиокомпаниялар аркылуу шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Ариповдун билдиргенине караганда, шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү принцибин жетекчиликке алып ушундай сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкканы айтылууда. Маселен, Ариповдун белгилешинче, Жапонияда шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт жүргүзүү укугу мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана жүргүзүлөт.
Ошондой эле кээ бир талапкерлер жеке менчик телерадиокомпаниялар аркылуу акчасын төлөп, көп үгүт жүргүзсө, айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок экени жүйө келтирилүүдө.
Бирок ошол эле кезде БШКнын кээ бир мүчөлөрү мындай сунушту кабыл алууга каршы добуш беришти. Алардын айтымында, бул шайлоочулардын жана талапкерлердин тандоо укугун бузат жана айрым талапкерлерге тоскоолдук жаратууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Натыйжада сунуш БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды.
Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |