Ысык-Көл облустук театрын Жалал-Абад шаарынын көрүүчүлөрү жакшы кабыл алышты
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын сахнасында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты драматург Жумабек Осмоновдун калемине таандык “Шабдаалы гүлү” аталышындагы спектаклин койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган театрдын директору Курсант Абдрахмановдун айтымында, быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын урматына жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоо максатында, Ж.Осмоновдун тарбиялык мааниси өтө чоң спектаклин сахнага алып чыгышууда.
-Ушул эле спектаклди Ош шаарында эки күн койдук. Көрүүчүлөр жакшы келип беришти. Бүгүн Жалал-Абадда да көрүүчүлөр көп келишти. Келген көрүүчүлөрдү көрүп, Жалал-Абаддын жаштары спектаклди, театрды сүйөт экен, баалайт экен деп, ойлоп калдым. Бизди жакшы маанайда, колдоп тосуп алган жалалабаддык көрүүчүлөргө жана Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын администрациясына терең ыраазычылык билдиребиз, - дейт ал.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облустук театры түштүк аймагындагы гастролун улантып, эртең Кара-Суу шаарында болот. Театрдын жамааты жылдын аягына чейин бардык облустарды кыдырып чыгуу ниетинде.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29