KELECHEK
rek

Жалал-Абадда балдар арасында облустук музыкалык кароо-сынак өткөрүлдү

Жалал-Абадда балдар арасында облустук музыкалык кароо-сынак өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Глинка атындагы балдардын музыкалык мектебинде музыкалык мектептерде тарбияланып жаткан шыктуу балдардын облустук кароо-сынагы болуп, анда мыктылар тандалды. Бул тууралуу аталган музыкалык мектептин директору Кымбат Бердалиева билдирди.

Анын айтымында, Глинка атындагы музыкалык мектебинин базасындагы мындай облустук кароо-сынак 10 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага ар кайсы музыкалык аспаптарда чебер ойной алган балдар катышат. Быйыл болсо, ушул сынакка байланышкан он жылдык юбилейлик иш-чара да болуп калды.

- Бул сынак жыл сайын Жалал-Абад облусунун район-шаарларындагы музыкалык мектептердин арасында өтүп келет. Негизги максатыбыз-жаш таланттардын шыгына-шык кошуу, таланттуу балдардын ортосундагы алакаларды жандандыруу, достугун чыңдоо, өнөрлөрүн баалоо аркылуу аларга багыт берүү болуп саналат. Бизди кубандырган нерсе - жаш өнөр ээлеринин саны жылдан жылга өсүп бараткандыгы, - дейт ал.

Бул бир күндүк кароо-сынактын жыйынтыгында жеңип чыккан таланттуу балдарга кызыктыруучу сыйлыктар, Ардак громаталар тапшырылды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы балдар музыкалык мектеби  өткөн жылы 60 жылдык маарекесин белгилеген. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32