Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду. Анын алдында 25-майда өлкөнүн Жогорку Соту апелляциялык арызын карагандан кийин 7,5 жыл эркинен ажыратуу жазасын өзгөртүп, 3,5 жылга шарттуу түрдө кесүү чечимин чыгарган.
Исмаилова өзү сот залында болгон жок, бирок көп узабай эркиндикке чыкты.
Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар журналистке азаттыктын берилишин кубаттады. ЕККУнун өкүлү Дунья Миятович Исмаилованын бошотулушун өтө жагымдуу кадам катары баалады. Европарламенттин башчысы мындай көрүнүш башка окуяларда да кайталанат деп үмүттөндү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич: “Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак”, - деди.
Хадижа Исмаилова эркиндикке чыккандан кийин мындан ары дагы адилеттүүлүк үчүн күрөштү уланта тургандыгын жарыялады.
Журналист өткөн күздө көз боёмочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, коё берилишин талап кылышкан
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









