Атамбаев: Саммитте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы көптөгөн маселелер чечилет
Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитинде уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы көптөгөн маселелер чечилет. Бул тууралуу президенти Алмазбек Атамбаев «Мир» телеканалына курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчы кандай гана экономикалык биримдик болбосун анын ар бир мүчөсү өз кызыкчылыгын көздөп, айрым учурларда туура эмес ыкмаларга бара тургандыктарын, андай учурлар уюмдардын калыптануу учурундагы баскычтардын бири экенин билдирди. Президент ортодогу маселелерди алсызыраак, кичине өлкөлөрдүн эсебинен же байыраак өлкөнү алдоо жолу менен эмес, адилеттүүлүк менен чечүүгө чакырды.
«Кыргызстандын экономикалык саясаты таптакыр туура эмес болгон. Биздин жетекчилер аймакта алгачкылардан болуп Дүйнөлүк соода уюмуна киргенибизге мактанып келишкен. Чынында башка өлкөлөр ал уюмга эми гана мүчө болуп кирип жатышат (Казахстан - өткөн жылы, Орусия анын мурдагы жылы кирсе, Беларус эми кирип жатат). Анткени бул өлкөлөр өз өндүрүшүн коргоп келишкен, бизде болсо ал кадам менен өндүрүш толугу менен талкаланды. Кезинде бизде спутниктер үчүн тетиктер даярдалып келген. Биздин ошол кездеги жетекчилердин акылсыздыгынан бүт бардыгы, анын ичинде айыл чарба тармагы толугу менен кыйрады. Анткени алар түшүнбөй туруп эле баарын башка өлкөлөрдөн алуу керек деп чечишкен. Нурсултан Назарбаев өңдүү жетекчилер болсо өз кызыкчылыгын, өз өндүрүшүнүн кызыкчылыктарын коргошкон. Жыйынтыгында бизде заводдордо, фабрикаларда, совхоздордо, колхоздордо иштеген адамдар жумушсуз калышты. Ал бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип жатат", - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчынын айтымында, ЕАЭБге мурда эле кириш керек болчу. "Ошол эле маалда биз дагы Кыргызстан үчүн көптөгөн жеңилдиктерди алууга жетиштик, биринчи кезекте Орусиянын, анын президенти Владимир Путиндин колдоосунун аркасында. ЕАЭБге кошулуп жаткан маалда моралдык да, материалдык жактан да бизге чоң колдоо болгон. Биз азыркыга чейин каржылык жардам алып келебиз. Мына эми казак туугандар да колдоо көрсөтөбүз деп атышат, мен Нурсултан Абишевич сөзүнө турарын билем", - деди Алмазбек Атамбаев.
Өлкө башчы кыргыз жарандары учурда Орусия менен Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө аларын, мигранттар үчүн шашпай иш издөөгө шарт түзүлгөнүн баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









