KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусуна арналган маалымат жыйыны өттү (Фото баян)

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусуна арналган маалымат жыйыны өттү (Фото баян)

Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абадда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусуна арналган маалымат жыйыны болуп өттү. Анын ишине КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым, республикалык жана облусттук массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Маалымат жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырзага жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айымга облустун аймагындагы ооруканаларга жана төрөт үйлөрүнө атайын долбоорлордун алкагында заманбап медициналык жабдуулар менен аппараттарды камсыздоого жардам бергендиктери жана энелер менен ымыркай балдардын ден соолугун коргоодогу алгылыктуу иш аракеттерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура бүгүн облустук төрөт үйүнө наркы 40 миң доллар турган немец өндүрүшүнөн чыгарылган ымыркайларга жасалма дем алдыруу жана жандандыруу реанимациялык аппаратын тапшырды. Облустун аймагындагы төрөт бөлүмдөрүнө буга чейин ушундай эле реанимациялык 2 аппарат долбоордун негизинде тартуу кылынган. Мындан сырткары облустун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерин ремонттоого 113 870 доллар каражат сарпталган. Бул жабдуулар Япония Өкмөтү каржылаган “Эне-баланын саламаттыгын жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү боюнча долбоордун”  алкагында ЮНИСЕФ тарабынан сатылып алынган.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү кескин кыскаргандыгын белгиледи. Кыргызстан дүйнөдөгү балдардын өлүмүн кыскарткан 23 мамлекеттин катарына кошулгандыгын канааттануу менен белгиледи. Бирок, Кыргызстанда  каза болгон балдардын 80 пайызы бир айлык ымыркайлар түзөөрүн, анын башкы себеби энелердин аз кандуулугу экендигин тынчсыздануу менен белгиледи.

КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев быйыл жыл аягына чейин Жалал-Абад облусунда  заманбап кардиология борбору ишке киргизилээрин, облустук төрөт үйү толук капиталдык ремонттоодон чыгарыларын жана Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан экстрендүү хирургия кабыл алуу бөлүмү ишке киргизилээрин белгилеп кетти. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө анын катышуучуларына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан берилген көптөгөн суроолорго толук кандуу жооптор алынды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12