KELECHEK
rek

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына реанимациялык жабдуулар тапшырылды (Фоторепортаж)

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына реанимациялык жабдуулар тапшырылды (Фоторепортаж)

Бүгүн, 12-апрель күнү Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын балдар жана төрөт бөлүмдөрүнө реанимациялык жабдууларды өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Аталган салтанаттуу аземге КР Садаматтыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жыны Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо жана Бишкектен келген ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Жалал-Абад облустук оорукананын реанимациялоо бөлүмүнө балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн баасы баасы 40 миң долларлык зарыл, өтө маанилүү жаңы медициналык жабдуу өткөрүлүп берилди. Ага чейин, жалпсынан долбоордун ичинде Жалал-Абад облустук ооруканасынын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнө 42 долларлык жабдуу берилип, бул бөлүмдөрдө 113 миң 878 долларга ремонт иштери жасалган.

Бул жабдуулар Жапон өкмөтү каржылаган “Эне-баланын саламаттыгын жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү боюнча” долбоордун алкагында ЮНИСЕФ тарабынан сатылып алынган. Долбоордун натыйжасында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 860 айылда 46 миң 340 кош бойлуу аял жана 73 миң 500 эне кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери жана балдар оорулары тууралуу маалыматтарды алышты.

“Жапония Кыргызстан эгемендик алган мезгилден бери түрдүү чөйрөлөргө, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына колдоосун көрсөтүп келет. Ооруканага берилген жабдуу эне-баланын саламаттыгын бекемдөөгө көмөктөшүп, муну менен Кыргыз Республикасындагы тынчтыкты куруугу жана коопсуздукка салым кошот деп ишенем. Бул болсо, жалпысынан Евразиядагы туруктуулук үчүн  маанилүү фактор болуп эсептелет”, - деп белгиледи Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ямамура мырза.

Ал эми ЮНИСЕФ уюмунун башчысы Мокуо айым өз сөзүндө буларды белгиледи: “Бул жабдуунун жардамы менен дарыгерлер оор абалда жаткан балдардын өмүрүн сактай алышат. Бул кислород концентранты бар жаңы муундагы заманбап дем алдыруучу аппараттар электр жарыгы өчүп калган учурда да батареянын жардамы менен иштей берет. Алар реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө арналган”.

Министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, КР Садаматтыкты сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ биргелешип ишке ашырган бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 2 млн. 500 миң долларга Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 8 оорукананын төрөт жана балдар бөлүмдөрүнун инфраструктурасы оңдолуп, ымыркайларга адгачкы жана квалификациялуу реанимациялык жардам көрсөтүү боюнча 700 медициналык адис окуудан өттү.

Долбоордун иш-чаралары Кыргызстандагы балдар өлүмдөрүнүн санын азайтууга көмөктөшөт. Жапон өкмөтү тарабынан 2 млн. 500 миң долларды бөлүп берүүгө Алмашуу ноталарына 2014-жылдын 31-июлунда кол коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38