KELECHEK
rek

Шашылыш билдирүү: өлкөнүн ичинде үшүк жана сел жүрүшү мүмкүн!

Шашылыш билдирүү: өлкөнүн ичинде үшүк жана сел жүрүшү мүмкүн!

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинен 14-апрелине чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Ал эми 12-13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн, 13-апрелде жана 14-апрелде  түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

2017-жылдын 12-16-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 71-74 чакырымдары, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак авто унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт,  жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 11-апрелинде күндүз жана 12-13-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

12-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

 14-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустанынын  көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 14-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустанынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-апрелде күндүз арым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.    

 

12-14-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-апрелде мезгил-мезгили менен катуу жаан жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

14-апрелде түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

12-14-апрелде Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-апрелде  мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 14-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18