Назарбаев: Астана ЖККУнун саясатташуусуна каршы
Астана Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун саясатташуусуна каршы. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев уюмдун мааракесине карата “МИР” телеканалына берген маегинде билдирди.
Казакстан президенти журналисттин суроосуна жооп берип жатып, ЖККУ менен НАТОнун ишмердүүлүгүндө эч кандай окшоштук жок экенин айтты.
«НАТО Кансыз согуш маалында идеологиялык жактан тирешүү үчүн түзүлгөн. Тилекке каршы, ошол бойдон өзгөргөн жок. Буга каршы Варшава келишими болгон. Бул саясий каршылашуу эле. Бизде андай максат жок, биз дайыма ЖККУнун саясатташуусуна каршы болуп келгенбиз”, – деди Назарбаев. Ал ЖККУ аймактык коркунучтарды жамааттык түрдө чечүү үчүн түзүлгөнүн жана анын башка нукка бурулушуна Казакстан каршы экенин баса белгиледи.
Уюм быйыл 25 жылдык мааракесин белгилейт. ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Мындан тышкары Назарбаев терроризм бийлик жок жерде пайда болорун айтты. “Террористтер, экстремисттер, бандиттер бийлик жок жерде пайда болот. Алар үчүн андай жерде жашоо ынгайлуу. Ирактын бир бөлүгүн, Сириянын бир бөлүгүн басып алып, “Ислам мамлекетибиз” деп жатышат. Терроризм бүтүндөй дүйнөгө жайылууда”,– деди Назарбаев. Ал бардык өлкөлөрдү террорчулукка каршы бирге күрөшүүгө чакырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









