Эрдоган Европаны "оорулуу киши" деп атады
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Батышка каарын төгүп, Европа биримдигине кирүү боюнча билдирме кайра карала турганын жарыялады. Эрдоган "Европа түрк элине каршы жасаган иштери үчүн жооп берет" деп билдирди.
Эрдоган 9-апрелде Измирде сөз сүйлөп жатып, Европа темасына Түркияда референдум өткөндөн кийин кайра кайтып келерин айтты. Түрк президенти Европаны “оорулуу киши” деп атады. Бул терминди 19-кылымда европалык саясатчылар кыйрап бара жаткан Осмон империясына карата колдонушкан.
Эрдоган – консервативдүү Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын негиздөөчүсү. Ал 2003-жылдан тарта 2014-жылга чейин премьер-министр болгон. Андан соң мамлекет башчылыгына шайланган. Ал президенттик башкарууну жактайт. Бул маселе 16-апрелде боло турган референдумга чыгат. Эгер сунуш колдоо тапса, өлкө башчыга көбүрөөк ыйгарым укуктар берилет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









