Бишкек–Ош автомагистралынын Кочкор-Ата шаарындагы тилкесине жаңы асфальт төшөлүүдө
Бишкек – Ош автомагистралынын Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынын тушундагы 300 метр аралыгына жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Учурда ДЭП – 22 жолду тейлөө ишканасынын техникалары менен жумушчулары узундугу 300 метр, туурасы 7 метр келген жолго калыңдыгы 5 см. болгон жаңы асфальттоо жумуштарын жүргүзүп жатышат. Бишкек – Ош автомагистралынын ушул тилкесин асфальттоо жумуштары ДЭП – 22 жолду тейлөө ишканасынын 2017-жылга карата ремонттоо жумуштарына бөлүнгөн 8 млн. сом акча каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Март айында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловго Бишкек – Ош жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өтүүчү автомагистралынын Маданият – Бек-Абад жолундагы кейиштүү абалын жеринде көрсөтүп, жолду асфальттоону эртелетип берүүнү өтүнгөн. Ошондо министр Жамшитбек Калилов ДЭП -22 жолду тейлөө ишканасынын жетекчиси Рашид Курбановго апрель айында Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынын тушундагы 300 метр аралыкка жаңы асфальт төшөө тапшырмасын койгон.
Бишкек – Ош автомагистралынын IV фазасына кирген Маданият – Бек-Абад жолунун курулушу КР Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтуусу боюнча, 2017-жылдын үчүнчү кварталында башталат жана аталган 67 км. жолду асфальттоого 3 жыл убакыт кетет. Аны курулушун жүргүзүү боюнча тендерге 5 ири Эл аралык компаниялар катышууда. Аталган жолдун курулушуна Евразия Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан 60 млн. доллар жана Кыргыз Өкмөтү тарабынан 11 млн. доллар салым кошуусу мерчемделип жатат. Бүгүнкү күнгө карата жолдун курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери толук иштелип чыгылган.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38