KELECHEK
rek

Жолдогу тешиктерди суудан тазалабай оңдогондор иштен алынды

Жолдогу тешиктерди суудан тазалабай оңдогондор иштен алынды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы социалдык тармактарда жолчулар жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан видеону көргөнүн айтып, мындайга жол бергендерди жазалоо керектигин айтты.

- Кечээки видеотасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде министрликтин алдындагы №1 жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов жана дагы төрт жооптуу адам кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары бир катар адамга эскертүү берилип, аны менен чогуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу өкмөт башчыга сунуш киргизди.

Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчаласа, Жээнбеков, бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Буга чейин жол оңдоочулардын видеосу чыгары менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министр Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38