Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУну кабыл алды (ФОТО)
Бүгүн, 11-апрелде КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырзаны кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Жылуу маанайда өткөн жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУ мырзага Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, билим жана маданият тармактары туурасында кыскача маалымат берди. Жалал-Абад облусунда учурда электр энергиясын иштеп чыгарууда 6 ГЭС иштеп жаткандыгын, 11 чакан дарыяларда 30га жакын чакан электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Эл аралык туризмди, мунун ичинен эко жана этнотуризм жаатындагы жылыштарга токтолду.
Айрыкча деңиз деңгээлинен кыйла бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү, тоо койнуна жайгашкан кайталангыс жаңгак токойлуу Арстанбап жергеси, Саймалуу-Таш мамлекеттик коругу жана Сафед-Булон комплекси жыл сайын миңдеген чет элдик туристтерди тартаарына токтолду. Токтогул районундагы Манас, Биримкулов жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептерде билим алып жатышкан 475 окуучу кошумча француз тилин окушаарын маалымдады.
Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Микаэль РУ мырза Жалал-Абад облусуна алгач келип жаткандыгына токтолуу менен табияттын кереметтүү кайталангыс кооздугу аны жана колуктусу Татьяны аябай таң калтырганын жашырган жок. Ал элчи катары дипломатиялык мамилелер менен гана чектелбестен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн Франциялык ири компаниялар менен ишкерлерди Кыргызстанга, анын ичинде Жалал-Абад облусуна инвестицияларды тартууга кол кабыш кылаарын жашырган жок. Франциядагы калкка соода-сатык жана тейлөө жаатында кызмат көрсөтүүчү ири Auchan (Ашан) компаниясы Кыргызстанда өз тармагын жандандырууга кызыктар экендигин билдирди.
Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев айыл чарба азык-түлүктөрүн жана кайра иштетүү тармагында Франциялык инвесторлор менен эки тараптуу пайдалуу кызматташууга даяр экендигин айтты. Эки тараптуу жолугушуу достук жылуу маанайда жана өз ара түшүнүчүлүк кырдаалында өттү.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13